Кызыл-Кыядагы Таштемир-Ажы базарында милиционерлер элдер менен жолугушту

Милиция кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарындагы Таштемир-Ажы базарында элдер менен жолугушту. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 15-ноябрь күнү Кызыл-Кыя ШИИБдин милиция кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан Таштемир-Ажы базарын кыдырып, элдер менен жолугушту.

Милиция кызматкерлери бул жолугушуу кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында өтүп жатканын билдиришти. Эл менен жолугушууда батир уурулуктарына, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга жол бербөө, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичпөө, тамеки тартпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жарандар тарабынан берилген арыз-кайрылууларды жеринде чечкенге аракеттер көрүлдү.

Андан сырткары, Асаналиев көчөсүндө жол тыгынын жөнгө салуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 188-беренесинин (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) негизинде 9 протокол толтурулду.

Бул жолугушууда милиция кызматкерлерине жалпысынан 7 атуул кайрылып, аларга юридикалык жардамдар көрсөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД