Кадамжайда милиция кызматкерлери окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Кадамжай районунун алыскы аймактарында милиция кызматкерлери мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кадамжай райононунун борборунан 30 км алыстыкта жайгашкан тоолуу Тамаша айылындагы №13 Акжол Камбаров атындагы орто мектебинде билим алып жаткан мектеп окуучулары менен Кадамжай РИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жана бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жолугушту.

Жолугушууда окуучуларга баңгизаттардын зыяндуулугу, Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик, терорристтик уюмдарынын идеологиясына берилип кетпөөсү, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга, эрте куракта никеге турууга мыйзам жол бербеши боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кадамжай районунун аймагында 2022-жылдын 11 ай ичинде туура эмес диний агымдарга кирип түрдүү чакырыктарды жасап жүргөн 5 факт катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД