Жогорку Кеңештин комитети Кемпир-Абад боюнча келишимди жактырды

Кечээ, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети Кемпир-Абад боюнча келишимди жактырды.

Мыйзам долбоору үч окууда жактырылды.

Документти 7 депутат колдоду. Каршы добуш бергендер болгон жок. Добуш берүүнүн алдында Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Чыңгыз Айдарбеков жана Нилуфар Алимжанова залдан чыгып кетишти.

Натыйжада аталган комитет кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун 3 окууда бирдей жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД