ИИМ: Соцтармактарга чагымчыл маалыматтарды жарыялагандар жазага тартылат

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактарда расалык, этностук¸ улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууга) козутууга үндөгөн чагымчыл материалдарды бөлүшпөөгө чакырат.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат. ИИМ жана анын бөлүктөрү мындай чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча чараларды көрүп жатат. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирмелер активдүү жарыяланууда.

Учурда өлкөдө коомдук-саясий абал туруктуу. Күч түзүмдөрү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жогорку деңгээлде жүргүзүп жатат.

Ички иштер министрлиги аймактар жана улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

Мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД