Умра сапарына алгачкы 60 адамдан турган топ учуп кетти

Муфтият тарабынан уюштурулган умра сапарына алгачкы 60 адамдан турган топ Ош эл аралык аэропортунан учуп кетти.

Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган топту үч умра башчы жетектеп барууда.

Белгилей кетсек, муфтият пандемиядан бери умра сапарын уюштура элек болчу. Кичи ажылыктын баасы 1 миң 350 АКШ долларын түзөт.

"Кичи ажылыктын ибадаттык маанисин көтөрүү, жарандарга сапаттуу диний кызмат көрсөтүү, ханафи мазхабынын тартибин сактоо сыяктуу зарылдыктардан улам, КМДБ умра сапарын уюштурууга киришкен", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД