
Баткенде чек ара аймактарында мал уурулуктун алдын алуу иштери өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен районундагы чек ара аймактарында жайгашкан жарандарга К.Шадыбеков атындагы Самаркандек айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан мал уурулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле чектешкен аймактардагы жарандардын коопсуздугун көзөмөлдөө, коомдук тартипти сактоо максатыннда милиция кызматкерлери күнү-түнү иш-чараларды жүргүзүп, кайгуулдарды уюштурууда.
Жалпысынан мал жандыктарды көзөмөлсүз калтырбоо боюнча жергиликтүү тургундарга 87 эскертүү акты түзүлүп берилди.