
Сокулук районунда дарыканын ичинен уурулук кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Сокулук РИИБке арыз менен Сокулук айылынын жашоочусу 1995-жылы туулган О.Т. кайрылып, арызында 9 ноябрга караган түнү саат белгисиз адамдар Шопоков шаарында жайгашкан дарыканага киришип, баасы 600 000 сомго барабар болгон дары-дармектерди уурдап кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган.
Аталган факт Сокулук РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыштын бети ачылбай келген.
15-ноябрь күнү Сокулук РИИБнүн кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш жасаган адамдар: 1999 жылы туулган Т.А., 1994-жылы туулган Дж.Э. жана 1988-жылы туулган Ж.У. аттуу жарандар экендиги аныкталып, ал жарандар Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.