Оштон Жидда шаарына Шарм-эль-Шейх аркылуу чартердик каттам ачылды

Кечээ, 15-ноябрда Ош шаарынан Жидда шаарына Шарм-эль-Шейх аркылуу чартердик каттам ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аба каттамдарын Nesma Airlines авиакомпаниясынын Airbus-320 учактары жумасына 3 жолу – шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү, аткара баштады.

Белгиленген багыт аркылуу Оштон Жиддага (Сауд Аравиясы) бара турган биринчи каттамда 169 жүргүнчү катталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД