
Лейлек район аймагында "Жаштар экстремизмге каршы" акциясы өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул демилге Лейлек РИИБи тарабынан колго алынып, иш-чара Катраң, Кулунду айыл аймактарында жана Раззаков шаарында өттү. Иш-чарага аталган аймактардагы орто мектептердин 9-10-11-классынын окуучулары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик, терорристтик уюмдарынын идеологиясына мектеп окуучуларын соц тармактар аркылуу берилип кетпөөсү, ал эми балдар иштери боюнча инспекторлору жаштар арасындагы кылмыштуулук, эрте куракта никеге турууга тыюу салынарын белгилеп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Иш-чаранын жыйынтыгында Лейлек РИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан даярдалган диний экстремисстик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салган мыйзамдар көрсөтүлгөн буклеттер таратылды.