
Өлкө аймагында жүргүзүлүп жаткан "Экстремист" рейдинин жүрүшүнө Таласта социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу экстремисттик материалдарды жайылткан деп бир жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Талас ОИИБдин экстремизм мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан "facebook" социалдык тармагында (Ж. А.) аттуу интернет баракчасы аныкталган. Анда ал социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу экстремисттик материалдарды жайылткандыкы аныкталып Талас ОИИБне алынып келинген. Алынган материалдар Кыргыз Республикасынын соттук-теологиялык экспертизасы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Хизбут-Тахрир-Аль-Ислами" экстремисттик уюмуна таандык экендиги тастыкталган.
Аталган билдирүү Талас ОИИБдин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп башталган. Кылмыштын курамы бар болгондуктан, Талас ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 332-беренесини менен кылмыш иши козголгон. Аккаунт колдонуучу Талас шаарынын 1982-жылы туулган тургуну Б.Ж. экендиги аныкталып, экстремизм мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы КРнын ИИМнин "Шумкар" атайын багыттагы отрядынын кызматкерлери менен бирдикте ыкчам иш алып барууларынын негизинде колго түшүрүлгөн. Аталган факты боюнча шектүү азыркы учурда тергөө бөлүмүндө сурак берүүдө.Тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.