Милиция Кадамжай районунда алдын алуу иш-чарасын өткөрдү

Милиция кызматкерлери Кадамжай районунда алдын алуу иш-чарасын өткөрүштү.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2022-жылдын 17-ноябрь күнү Кадамжай РИИБдин милиция кызматкерлери Кадамжай районунун кыдырып, элдер менен жолугушту. Милиция кызматкерлери кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында көчмө алдын алуу иш-чарасын өтүп жатканын түшүндүрүштү.

Ошондой эле, каттоодо турган ок атуучу жарандардын куралдарынын туура сакталышын текшерип чыгышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө батир уурулуктарына, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга жол бербөө, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичпөө, тамеки тартпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Кадамжай районунун көчөлөрүндө жол тыгынын жөнгө салуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 188-беренесинин (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) негизинде 14 протокол толтурулду. Бул иш-чарада милиция кызматкерлерине жалпысынан 5 атуул кайрылып, аларга юридикалык жардамдар көрсөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД