Бишкекте Улуттук салык форуму өттү

2022-жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарында "Салык кызматы – салык төлөөчүнүн кызыкчылыгы үчүн" темасында биринчи Улуттук салык форуму өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдардын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жана бардык кызыкдар болгон салык төлөөчүлөр катышышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.Касымалиев өткөрүлүп жаткан иш-чаранын мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосундагы катышты түзүп, салык салуунун эң актуалдуу маселелери боюнча сунуштарды биргелешип иштеп чыгуу үчүн натыйжалуу аянтча катары маанилүүлүгүн белгиледи. Ал мындай жолугушуулар салык төлөөчүлөрдүн салык салуу чөйрөсүндөгү жаңылыктар тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга өбөлгө болоорун баса белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаты Д.Бекешев салык саясатына киргизүү зарыл болгон 4 маанилүү принципке көңүл бурду. Бул айкындуулук, салыктык дем берүү, тейлөөчүлүк жана эч ким салык төлөөдөн качпай турган системаны түзүү. Салыктык дем берүүнүн оң мисалы катары депутат өткөрүлүп жаткан "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясын белгиледи.

"Кызыктыруучу лотереяны ишке киргизүү чоң пайда алып келди, элди товар сатып алууда кассалык чекти талап кылууга үндөөгө жардам берди", – деп белгиледи Д.Бекешев жана салыктык дем берүүнү башка тармактарда да колдонууну сунуштады.

Ишкер Чыңгыз Алканов мамлекетке жеңил өнөр жай тармагына, атап айтканда тигүүчүлөргө берилген салык жеңилдиктери үчүн ыраазычылык билдирди. "Жаңы ачылган тигүү ишканаларына беш жыл бою салык каникулдары жана башка жеңилдиктер жеңил өнөр жайды өнүктүрүүгө дем берип, бул тармакты атаандаштыкка жөндөмдүү кылууда", – деп баса белгиледи.

Ч.Алканов Кыргызстанда башка өлкөлөргө салыштырмалуу эң төмөнкү салык ставкалары колдонуларын, бул ишкерликти өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн билдирди. Ошол эле учурда Салык кызматынын ишине оң баа берип, анын ачыктыгын жана бизнес чөйрө менен диалогго даярдыгын белгиледи.

Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов форумдун катышуучуларына салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдун аткарылышы, жаңы Салык кодексинин ченемдерин ишке ашыруу, салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлору жана калктын салыктык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча ведомствонун жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, салыктык башкарууда жүргүзүлүп жаткан реформалардын, ошондой эле санариптештирүүнүн ишке киргизилген долбоорлорунун аркасында салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү ашыкча аткарылууда.

"10 айдын ичинде Салык кызматы 165,8 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 48,9 млрд сомго көп", – деп белгиледи А.Абдувапов.

Андан ары форум үч багыттагы тематикалык сессияда улантылды. Катышуучулар 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы Салык кодексинин ченемдерин ишке ашыруунун алгачкы жыйынтыктарын талкуулашты.

Мындан тышкары, "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлорун ишке ашыруу жолдору жана салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу боюнча пикир алмашуу болду.

Форумдун жыйынтыгы боюнча катышуучулар тарабынан салык саясатын өркүндөтүү, калктын салыктык сабаттуулугун жана салык маданиятын жогорулатуу боюнча сунуштар иштелип чыкты.

Форум Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана Мамлекеттик салык кызматы тарабынан уюштурулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД