Бишкекте бир унааны талкалап, 5 унаанын номерин чечип алган жаран кармалды

Кайгуул кызматкерлери авто унааны талкалоого шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 19-ноябрында болжол менен саат 06:15 чамасында "102" кызматына борбор калаанын 6-кичи районундагы үйлөрдүн биринде токтоп турган авто унааны белгисиз жаран талкалап жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, белгисиз жаран "Тойота Ярис" үлгүсүндөгү авто унаанын алдыңкы, арткы жана каптал терезелерин, эшиктин кармагычтарын талкалап материалдык чыгымга алып келген. Ошондой эле мындан башка 5 авто унаанын мамлекеттик номурун чечип алгандыгы аныкталган.

Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи суй электе, кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган А.уН. аттуу жаранды кармап, Октябрь райондук ИИБне андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн жеткиришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД