Муратбек Бегалиевге искусство, адабият орденинин кевалери наамы ыйгарылды

Франциянын маданият министри Рима Абдул-Малак Кыргыз Республикасынын эл артисти Муратбек Бегалиевге искусство жана көркөм адабият орденинин кавалери наамын ыйгарды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай даражалуу наамды тапшыруу аземи Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп, ага маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу катышып, сыйлыкты Франциянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус тапшырды.

Аталган сыйлык искусство жана адабият ордени 1957-жылы искусство, адабият тармагындагы жетишкендиктери үчүн жана искусство менен адабиятты Францияда жалпы дүйнөгө жайылтууга кошкон салымы үчүн өзгөчөлөнгөн инсандарга ыйгаруу максатында түзүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД