2023-жылы майрамдарга карата дем алыш күндөрү коомдук талкууга чыкты

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги "2023-жылга майрам күндөрүн жылдыруу жөнүндө" министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Документ дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында иштелип чыккан.

Долбоордо мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелердин жана ишканалардын беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлерине узак мөөнөттүү эс алуу күндөрүн белгилөө сунушталат:

Сунушталып жаткан эс алуу күндөрү:

- 1-январь жекшемби болгондуктан 2-январь эс алуу күнү болот

- Рождество майрамынын (7-январь) ордуна эс алуу боло турган 9-январдагы эс алуу 3-январга которулат

- 4-январдын ордуна 25-февраль (ишемби) жумуш күнү болот

- 5-январдагы иш күнү 11-март (ишемби) менен алмашат

- 6-январдын ордуна -25-март (ишемби) жумуш күн

- 7,8-январь -ишемби жана жекшемби.

Ошондой эле, Нооруз майрамына карата төрт күн эс алуу:

– 18-19-март - ишемби жана жекшемби;

– 20-март (дүйшөмбү) 29-апрелге (ишемби) жылдырылат;

– 21-март - Нооруз майрамы.

Май айында эл 5 күн катары менен эс алышы мүмкүн:

– 5-май - Конституция күнү;

– 6-7 май - Ишемби, Жекшемби;

– 8-май (Дүйшөмбү) 13-майга (Ишемби) жылдырылат;

– 9-май (Шейшемби) - Жеңиш майрамы.

Ноябрь беш күндүк менен эс алуу сунушталууда:

– 4-5-ноябрь – ишемби, жекшемби;

– 6-ноябрь (дүйшөмбү) 11-ноябрга (ишемби) жылдырылат;

– 7-8-ноябрь- Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү.Бул беш күндүк иш графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекеме жана ишканалардын кызматкерлерине тиешелүү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД