COVID-19 табарсыктын сезгенүүлөрүн 2-3 эсеге арттырат

Коронавирустук инфекция табарсык ооруларынын пайда болуу коркунучун жогорулатат.

Окленд университетинин окумуштуулары аныктагандай, COVID-19 табарсыктын сезгенүүлөрүн жана заараны кармай албай калуу ыктымалдыгын 2-3 эсеге арттырат.

Изилдөөчүлөр 1895 медицина кызматкеринин маалыматтарын талдоонун негизинде ушундай жыйынтыкка келишкен. Окумуштуулар COVID-19 белгилери билинип жана билинбей өткөн бейтаптарда заара кармай албоого туш болуу коронавирус инфекциясына чалдыкбагандарга караганда 2 жана 3,2 эсе жогору экенин аныкташкан.

Заараны кармай албоо – инфекциядан кийин пайда болгон белгилердин топтомунун – постковиддик белгилердин бири жана адамдын жашоо сапатын кыйла начарлатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД