
Кызыл-Кыя шаарында "Камкордук" алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору кароосуз жана көзөмөлсүз калган жаш балдарды аныктоо максатында "Камкордук" аталыштагы алдын алуу иш-чара өткөрдү
Кызыл-Кыя шаар аймагында жайгашкан "Таштемир-Ажы" борбордук базарын, балдар топтолуучу жайларды жана темир жол бекеттерин текшерүүгө алды. Балдар арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, түшүндүрүү иштери алып барылды.
Ал эми иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 102-беренесинин негизинде 5 ата-энеге протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.