
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаевди СИЗОдо камоо мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан маалымдашты.
Маалыматка караганда, токтом 21-ноябрында кабыл алынды.
"Канат Исаевге карата мурда тандалган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2022-жылдын 23-декабрь күнүнө чейин узартылды", - деп айтылат маалыматта.