
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Түркияга расмий иш сапары менен жөнөп кетишти. Бул туурасында бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашат.
Сапардын алкагында Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт жана жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өтө турганы кабарланат.
Делегациянын курамы:
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев;
Спикердин орун басары Нурланбек Азыгалиев;
Депутаттар - Алишер Козуев, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Мурадил Сыдыков, Русланбек Жакышов, Айбек Маткеримов, Гүлкан Молдобекова, Ырысбек Атажанов, Динара Ашимова, Улан Бакасов, Эльдар Сулайманов.