Өткөн аптада Кыргызстанда инфекциялык оорулардын саны 43,3% өстү

14-ноябрдан 20-ноябрга чейинки аралыкта Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялык оорулар 43,3%га өстү. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 7 күндө 6 миң 631 КРВИ жана 11 сасык тумоо катталган.

Оорулуулар Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда көп катталган. Бардык оорулардын 68,4%ы 14 жашка чейинки балдар (4541 учурдан ашык).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД