Лейлекте мал уурулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Лейлек районунда мал уурулуктун алдын алуу боюнча жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан Кулунду айыл аймагына караштуу Сада, Кулунду, Интернационал айылдарында жашаган жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Милиция кызматкерлери айыл тургундарына, талаада мал жандыктарын багып жүргөн атуулдарга мал уурулук, уурулук жана батир уурулуктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында кеңештерин беришип, сактык эрежелери тууралуу түшүндүрүштү. Кулунду аймактык милиция бөлүмчөсү тейлеген аймакта 2022-жылдын 11 айында 3 мал уурулугу катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД