Кызыл-Кыяда мал базарга келген элге мал уурулугун алдын алуу түшүндүрүлүүдө

Милиция кызматкерлери Кызыл-Кыядагы мал базарга келишкен жарандарга мал уурулугун алдын алууну түшүндүрүштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылындагы мал базарда милициянын көчмө кабылдамасы менен Кызыл-Кыя ШИИБдин милициянын аймактык тескөөчүлөрү калк арасында мал, чөнтөк уурулуктарын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин өткөрдү.

Бул демилге милиция кызматкерлери тарабынан колго алынып, жергиликтүү ветеринардык врачтар менен биргеликте мал базарга келген малдардын биркалары бир катар текшерилди. Ошондой эле жарандарга мал базарга келген малдардын кулагындагы биркалары жана жергиликтүү ветеринариядан алынган маалымдамасы болуусу керектигин эскертилди.

Кызыл-Кыя ШИИБдин милиция бөлүмчөсү тейлеген аймакта жыл башынан бери 3 факт ийри мүйүздүү малдар уурдалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД