СИЗО-50нүн каза болгон кызматкерлеринин элесине арналган турнир өттү

Бишкекте 7 жыл мурун СИЗО-50дөн өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердин тобу менен качуу учурунда каза болгон 5 ЖАКнын кызматкерин эскерүү боюнча турнир өттү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, борбор калаанын Лига спорт залында Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери жана ардагерлери арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү.

2015-жылдын 11-октябрынан 12-октябрына караган түнү Чүй районунун Төмөнкү Норус айылындагы №50 СИЗОдо болгон каргашалуу окуянын жети жылдыгына карата эскерүү мелдештери уюштурулду.

Качуу учурунда 9 өзгөчө коркунучтуу кылмышкер атайын мекеменин кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө качкандардын айрымдары каршылык көрсөткөндө жок кылынса, башкалары кармалып, сот жообуна тартылган.

Оюндар башталаар алдында маркумдарды эскерүү зыйнаты болуп, дуба окулуп, бир мүнөттүк жымжырттык менен эскерилди. Ошондой эле өлкөнүн мамлекеттик гимни жаңырды. Оюнчуларга жана бардык катышуучуларга ЖАКнын жетекчилери, каза болгондордун жакындары, жаза аткаруу тутумунун ардагерлери сөз сүйлөштү.

Алгач, ошол каргашалуу түндө өз үйлөрүнө кызматтан кайтпай калган уулдарын, өмүрлүк жолдошторун, аталарын жана бир туугандарын жоготкон биздин каза болгон кесиптештерибиздин туугандарына чын дилимден кайгыруу менен көңүл айтууга уруксат этиңиздер", - деди ЖАКнын төрагасынын биринчи орун басары и/к полковниги К. Садыков.

- Ушул сыяктуу чыныгы эрдиктин анык үлгүсү жашап жана муундар аны эскерип турган учурда, кызматтын өзгөчө кыйынчылыктарына, өмүргө жана ден соолукка болгон коркунучтарга жана тобокелдиктерге карабастан, Жазаларды аткаруу кызматынын катары, коомдук коопсуздукту, укуктук тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу менен өз Мекенин коргоого даяр болгон жаңы кызматкерлер – эр жүрөк азаматтар менен толукталып турары шексиз, - деп баса белгиледи Кемель Алымкулович.

Турнирге жалпысынан 13 команда катышты, анын ичинде ардагерлер командасы да бар. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду "Омега" атайын багыттагы отрядынын командасы, 2-орунду ЖАКнын борбордук аппаратынын оюнчулары, 3-орунду №14 мекемесинин оюнчулары ээледи. Жеңүүчүлөргө спорттук кубок, медаль, грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Анын ичинде мыкты чабуулчу, коргоочу жана дарбазачы номинациялары боюнча жеңүүчүлөр да бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД