Бишкекте кошумча таштанды челектери орнотулууда.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Октябрь районуна буга чейин 36 таштанды контейнери орнотулган. Дагы 30 контейнер орнотуу пландалууда.
Ошондой эле шаардын 4 районунда тең таштанды контейнерлерин оңдоо иштери уланууда.
Белгилей кетсек, таштанды челектери "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан орнотулууда.