Садыр Жапаров Индонезия президентине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Индонезиянын президенти Жоко Видодого Ява провинциясында болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ява провинциясында болгон жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду жана жаракат алды деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам.

Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм", - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД