Казакстанда кезексиз президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы 26-ноябрда өтөт. Маалыматты казак басылмалары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына шилтеме берүү менен жазышты.
Андагы маалыматта Борбордук шайлоо комиссиясы Токаевди жаңы шайланган президент катары каттоодон өткөргөнү айтылат. Касым-Жомарт Токаев 26-ноябрда ант бермекчи.
Белгилей кетсек, 20-ноябрда Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өттү. Анда Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 82 пайызга жакын добушуна ээ болуп, жеңишке жетти.