Чүйдө "Өспүрүм-түн" аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

Чүйдө "Өспүрүм-түн" аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 21-ноябрынан 23-ноябрь күнүнө чейин Чүй районунун аймагында балдар арасында "Өспүрүм-түн" аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө түнкүсүн ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосу жок жүргөн балдарды, аларга тьюу салынган же чектелген жерлерди, коомго сыйбаган жүрүм-турумунун себептерин аныктоо максатында 23 соода комплекси, 4 темир жол станциясы, 4 ууна жуучу жайы, 7 курулуп жаткан жай, 2 теплотрасса, 18 кашар текшерилди. Андан сырткары, үй-жайсыз, кароосуз калган жана тилемчилик менен алектенген балдарды, аларды кылмыштуулукка жана коомго каршы аракеттерди жасоого тарткан адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Чүй районунун аймагында селсаяктык жана тилемчилик кылып жүргөн 8 жаран аныкталды, бирок анын ичинде жаш өспүрүмдөр жок.

Алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө Чүй РИИБдин балдар менен иштөө инспекторлору менен милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн каттоосунда турган оор кырдаалга кабылган 6 үй-бүлө жана 10 жаш өспүрүм менен маектешүү болду. Ошону менен бирге жашы жете электердин топтолушу мүмкүн болгон жерлерди, окубаган жана тилемчилик менен алектенген балдарды аныктоо боюнча иштер аткарылды.

Ушуга эле катар, "Өспүрүм-түн" аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө Чүй РИИБдин балдар менен иштөө инспекторлору менен милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан Чүй районунун аймагында жайгашкан 31 билим берүү мекемелеринин 8-11 классынын окуучуларынын арасында азыркы күндө көйгөйлүү маселелердин бири болуп жаткан "Рэкетчилик", "Эрте турмушка чыгуу", "Кылмыштуулуктун түшүнүгү", "Электрондук тамекинин жана энергетик суусундуктардын зыяны" темалары боюнча 58 лекциялар уюштурулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД