Кыргызстан чет элдик ЖОЖдор менен кызматташууга ачык

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери Индиянын борбору Нью-Дели шаарында өткөн XVII FICCI жогорку билим берүү саммитине катышып келишти.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, саммит үстүбүздөгү жылдын 18-19-ноябрында болгон.

Саммиттин алкагында министрликтин өкүлдөрү 40тан ашуун чет элдик жогорку окуу жайлар менен жолугушууларды өткөрүп, ар тараптуу кызматташууга ачык экендигин билдиришти.

Ал эми чет элдик ЖОЖдор Кыргызстан менен кызматташтыкты арттырууга жана ар кандай программаларды бирге ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин белгилешти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД