Бишкекте троллейбустардын кышка даярдыгы текшерилди

Бишкекте троллейбустардын кышка даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө айдоочулардын жүрүм-турумуна, унаалардын кышка даярдыгына, жол эрежесин сактоого өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында жол эрежесин сактабаган троллейбус айдоочуларына жана салондо мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн пандус пайдаланбагандарга эскертүүлөр берилди.

Белгилей кетсек, текшерүүнү Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери Жол коопсуздугунун кызматкерлери менен биргеликте уюштурган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД