"Ислам мамлекети" террористтик уюмунун үч мүчөсү кармалды

"Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрда Бишкек шаарынын жана Жалал-Абад облусунун аймагында "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмунун (Кыргызстанда аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынган) мүчөсү болгон Кыргызстандын 3 жараны кармалды.

Кармалган эки жаран башка мамлекеттин аймагынан "Ислам мамлекети – Хорасан вилаяты" эл аралык террористтик уюмунун катарында террордук аракеттер болгон аймактарга чыгуу фактысы аныкталган.

Кармалгандардын бири Х.П. калган эки жарандын которулушун түздөн-түз координациялаган, аларга акча жана чет мамлекеттин жасалма паспорттору менен бир нече өлкөнүн аймактары аркылуу тоскоолдуксуз жүрүү үчүн камсыздаган.

Белгилей кетсек, Х.П. мурда террористтик ишмердүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында соттолгон. Жазасын өтөп бүткөндөн кийин ал террористтик ишмердүүлүк болгон аймактарга жалданма адамдарды жөнөтүү боюнча мыйзамсыз ишин уланткан.

Аталган адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-256-беренесинин 1-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, кармалгандар УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылды.

Тергөө иштери уланууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандарга террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД