Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жаш жоокерлери ант беришти

КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде 2022-жылдын күзгү чакырылышынын II этабы менен чакырылган жоокерлер Аскердик ант беришти. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаш жоокерлерди даярдоо программасы боюнча курстарды бүтүргөн жаш жоокерлер армиянын жашоосуна, анын күнүмдүк тартибине көнүп, аскердик уставдын негиздерин жана жоболорун, алардын функционалдык милдеттерин үйрөнүштү.

Алар үчүн бул Кыргызстандын элинин алдындагы чоң жоопкерчилик жана чоң сыймык экенин белгилей кетүү керек. Анткени алардын аткарган милдеттери белгилүү бир шарттарга жараша чынында эле күжүрмөн мүнөзгө ээ. Бул шарттар эң оболу мамлекеттик маанилүү милдеттерди аткарууда ар бир жоокерден дайыма моралдык-психологиялык туруктуулукту, кыраакылыкты, жогорку байкагычтыкты жана реалдуу шарттарда ыкчам аракеттенүүнү талап кылаары белгиленет. Алар айрым учурларда өз өмүрлөрүнө да коркунуч туулган жагдайларга туш болуп калуусу мүмкүн.

Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жоокерлери кылмышкерлер жаза өтөп жатышкан түзөтүү мекемелерин кайтаруу, оор кылмыштарды жасаган кылмышкерлерге, алардын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун башчыларына карата жүрүп жаткан сот процесстерин камсыздоо, аларды сот мекемелеринен тергөө абактарына, ал жерлерден түзөтүү мекемелерине атайын автоунаа менен ташуу милдеттерин аткарышат. Жоокерлер кылмышкерлер менен ээн жерде жанаша жүрүп, ызгаардуу кыштагы суукка, аптаптуу жайдагы ысыкка карабай өз жеринин тынчтыгы үчүн кызмат өтөшөт.

Эски жакшы салт боюнча салтанаттуу иш-чарага ЖАКтын жетекчилиги, өз ара кызматташуучу түзүмдөрдүн жетекчилери, Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин ардагерлери, ошондой эле коомчулуктун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, жаңы келген аскер кызматкерлеринин ата-энелери чакырылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД