Чет элдиктерди окуткан медициналык окуу жайлар үчүн эрежелер катаалдады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жогорку кесиптик медициналык билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарында чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуунун айрым маселелери жөнүндө токтомго кол койду.

Документке ылайык, медициналык кадрларды даярдоонун жана чыгаруунун сапатын жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына алардын деңгээлин жогорулатууга дем берүү максатында, анын ичинде чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик дипломдорун таануу үчүн, "КР министрлер кабинети жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык КР министрлер кабинети токтом кылат:

1. 2022–2023-окуу жылдарында жана кийинки окуу жылдарында чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу жогорку кесиптик медициналык билим берүү программасын ишке ашырган, эл аралык программалык аккредитациядан өткөн Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарына жол берилет деп белгиленсин.

2. КР Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк медициналык билим берүү федерациясы тарабынан аккредитацияланган чет өлкөлүк агенттиктерде үч жылдан кем эмес мөөнөткө эл аралык программалык аккредитациядан өткөн медициналык жогорку окуу жайларында гана чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу планын бекитсин.

3. КР Тышкы иштер министрлиги Дүйнөлүк медициналык билим берүү федерациясы тарабынан аккредитацияланган чет өлкөлүк агенттиктерде үч жылдан кем эмес мөөнөткө эл аралык программалык аккредитациядан өткөн медициналык жогорку окуу жайларына гана окууга жиберилген абитуриенттерге жана студенттерге окуу визаларын берүүнү камсыз кылсын.

4. КР Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо КР президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД