Бишкекте жол четинде мыйзамсыз күйүүчү май саткандарга айып салынууда

Борбор калаада Милициянын кайгуул кызматы жол жээктерде өз алдынча күйүүчү майларды мыйзамсыз сатып жаткандарга айып салууда.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү жарандардын кайрылуусун эске алып, жол жээктерде өз алдынча күйүүчү майларды мыйзамсыз сатып жаткан жарандарды аныктап, 4 жаранга тийиштүү протокол толтуруп, сатуучу жаран жеке жак болгондуктан ар бирине 3000 сомдон айып салып, жол жээгинен алдырышты. Жалпы суммасы 12 000 сом.

Мындай баш аламан күйүүчү май саткандардын көпчүлүгү шаарга кире бериш жерлерде, Профсоюз жана Гагарин көчөлөрүнүн күн батыш тарабында аныкталган.

Мындан сырткары жол көзөмөлдөө бөлүмү сатуучу жарандарга мындай көрүнүш мыйзамсыз экендигин, эч кандай коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы жана күйүүчү май күйүп жарылып кетүү коркунучу бар экендигин жана бул көрүнүш Кыргыз Республикасынын жолдор боюнча мыйзамына туура келбестигин эскертишти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД