Кадамжайда милиция элге экстремизмдин терс кесепеттерин түшүндүрүүдө

Кадамжайда милиция кызматкерлери айыл тургундары менен жолугушуп, диний экстремизмдин терс кесепеттерин түшүндүрүшүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери жана Үч-коргон айылдык милициянын балдар иштери боюнча инспекциясы Кадамжай районундагы Майдан айылында жайгашкан Исфайрам атындагы орто мектебинде айыл аймагындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктарга жол бербөө, ошондой эле үй-мүлктөрүнө сак болуу, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында аларга көзөмөлдү жүргүзүүнү күчөтүү боюнча эскертүүлөр берилди.

Андан сырткары, Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстремисттик, террористтик уюмдардын ишмердүүлүгү жана алардын өзгөчөлүктөрү, интернет мейкиндигиндеги диний экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан каралган жоопкерчиликтер, бул багыттарда ИИМ тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилди.

Бул өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын максаты жарандарга ислам дининин баалуулуктарын сактоо, диний кастыкты козутуучу чакырыктарга бөгөт коюу, интернет айдыңында диний экстремизмге жана терроризмге байланыштуу маалыматтардын жайылышына жол бербөө, улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоо болуп саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД