Ысык-Көл облусунда эреже бузган 5 автомектепке айып салынып, бирөө жабылды

Ысык-Көл облусунда эреже бузгандыгы үчүн 5 автомектепке айып салынып, бирөө жабылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда КР президентинин "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгынын талаптарын аткаруу максатында Ысык-Көл ОИИБ жана Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын комиссиясы тарабынан айдоочуларды даярдоо, же кайра даярдоо мекемелеринин лицензиялык талаптарга дал келүүсү боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жол коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, облустун аймагында жалпы 21 автомектеп ишмердүүлүк жүргүзөт, анын ичинен 14 жоопкерчилиги чектелген коомдор, 7 кесиптик лицейлердин жана жогорку окуу жайынын базаларында болуп саналат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 28 көрсөтмө берилип, ал эми 6 автомектепке Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 284-беренесинин 2-бөлүгүнө (Лицензиялоонун талаптарын бузуу) ылайык айып салынды. Айыптын жалпы суммасы 102 миң сомду түздү жана 1 автомектептин ишмердүүлүгү токтотулду.

Айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө жана алууда мыйзамдуулукту, ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан КР ИИМ алдындагы "Унаа" мамлекеттик ишканасынын курсанттар тарабынан сапаттуу практикалык айдоону көзөмөлдөө жана жүргүзүү максатында Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын инспекторлору бекитилди. Жыл башынан бери Каракол жана Балыкчы шаарларынын "Унаа" МИсинде экзамен тапшыргандардын саны 25255ти түзүп, алардын ичинен 5657 курсант экзамен тапшыра алышты.

Эске салсак, лицензия айдоочулук мектептерге чексиз мөөнөткө берилет. Эгерде лицензияда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса (үч айдын ичинде аныкталган кемчиликтер жоюлбаган учурда), лицензиялар кайра чакыртылышы мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД