№14 тарбиялоо мекемесинин кызматкерлери Панфилов мектеп-интернатынын тарбиялануучулары менен профилактикалык иштерди жүргүзүштү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, К.Тилебалиев атындагы Чүй облусунун Панфилов районундагы мектеп-интернатынын директору Алымбеков Б.К. жана тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы А.К.Шабдановалардын чакыруусу боюнча Вознесеновка айылындагы №14 тарбиялоо мекемесинин ички кызматтын майорлору Ж.Камчыбеков, Т.Шабданалиев жана Н.Шакеевадан турган ыкчам тобунун кызматкерлери аталган мектепке барышты.
Иш сапардын жүрүшүндө жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга укук бузуулардын алдын алуу маселеси боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлдү.
Мындай алдын алуу иш-чаралары өспүрүмдөрдү жашоодо мүмкүн болгон каталардан эртелеп коргоо үчүн абдан маанилүү.