Генералдар клубунун төрагасы Ички аскерлердин жоокерлерине насаатын айтты

ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев Ички аскерлердин аскер кызматчылары жана жоокерлери, милиция кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 23-ноябрь күнү ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери, Ички аскерлердин аскер кызматчылары жана жоокерлери менен жолугушту. Жолугушуу учурунда милициянын ардагери Кыргыз милициясында кызмат өтөгөн жылдардагы маанилүү окуяларга токтолуп, өзү катышкан ири операциялардын жүрүшү жөнүндө айтып берип, 44 жылдан ашык кызмат өтөө учурундагы топтогон мол тажрыйбасы менен бөлүштү.

Башында Садырбек Дубанаев милиция кызматкерлери, аскер кызматчылары жана жоокерлери менен учурашып, "Сиздер Мекенибизге ак кызматыңыздарды кылган, эли-жерибизди коргогон, коомдук коопсуздукту камсыздаган, октун учунда, бычактын кырында жүргөн мыкты, патриот, намыска бек уул-кыздардын сап башында турасыздар",-деп кайрылды Садырбек Дубанаев.

Андан сырткары, ал кызматкерлердин алдында сүйлөп жатып, милиция менен ички аскерлердин кызматына токтолуп, көптөгөн аспекттер боюнча кеңештерди берип, акыл-насаатын айтты.

Милиция кызматкерлери, аскер кызматчылар менен жоокерлер ардагердин айткандарын кунт коюп угуп, ардагерибиз даярдаган слайдды кызыгуу менен көрүштү. Жыйынтыгында жолугушууга келишкен кызматкерлерге мындан ары дагы ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө жана алдыга коюлган тапшырмаларды жоопкерчилик менен аткарууга чакырды. Жолугушуунун аягында жоокерлер Садырбек Дубанаевге ыраазычылыктарын билдиришти.

Насаатчылык ишке Ички иштер министрлиги өзгөчө көңүл бурат. Анткени улуулардын топтогон тажрыйбалары жаш муундарды тарбиялап, туура нукка салат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД