Элдик курултайга байланыштуу Бишкектин негизги көчөлөрү 4 күнгө жабылат

Биринчи Элдик курултайды өткөрүүгө байланыштуу Бишкектин негизги көчөлөрү 24-25-26-27-ноябрь күндөрү жабык болот. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган күндөрү курултайга аймактардан келген катышуучуларды ташуу учурунда гана жолдор жабылат.

Чектөө киргизиле турган көчөлөрдүн тизмеси:

Жибек Жолу кең көчөсү Фучик көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;

Абдрахманов көчөсү Жибек Жолу кең көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин;

Манас /Чыңгыз Айтматов кең көчөсү Жибек Жолу кең көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин.

Белгилей кетсек, "Элдик Курултай чакыруу жөнүндө" президенттин жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-26-ноябрь күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Биринчи Элдик курултай өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД