Иликтөөчү журналист Болот Темиров Россияга жөнөтүлдү

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Россияга кетчү учакка отургузулду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазып чыгышты.

Журналистти аэропортко күч тузүмдөрүнүн кызматкерлери коштоп алып барышкан. Айрым маалыматтарга караганда, Болот Темиров Бишкек - Москва багыты боюнча саат 20:00 до учкан самолетко отургузулган.

Эске салсак, кечээ, 23-ноябрда Бишкек шаардык соту Болот Темировду Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ошол замат журналистти залдан милиция кызматкерлери кармап кетишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД