Президенттин жана министрлер кабинетинин контрабандага каршы аракеттенүү жаатындагы тапшырмаларын аткаруунун алкагында Баткен облусунун аймагында аткезчилик жүк ташыган 2 автоунаа конфискацияланды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Алсак, КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы, "Баткен" бажысы жана КР УКМКнын чек ара кызматы менен биргеликте 25-сентябрь жана 15-октябрда контрабандалык жүк ташыган Т.М.А. башкаруусундагы "Тойота Превиа" жана "И.С.Р." "Хюндай Портер" үлгүсүндөгү унаалар кармалган.
2022-жылдын 18-ноябрында Баткен райондук сотунун чечиминин негизинде, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандыгы боюнча эки автоунаа тең мамлекеттин эсебине конфискацияланды.