АКШ менен Улуу Британиянын элчилиги Болот Темиров боюнча билдирүү таратты

АКШ элчилиги журналист Болот Темировдун иши боюнча соттун чечимине комментарий берди. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн Twitter баракчасында жарыяланды.

"Журналист Болот Темировду депортациялоо боюнча Бишкек шаардык сотунун чечими демократиялык принциптерге каршы келет. Журналисттер жазадан коркпой иштеш керек. Сөз эркиндиги Кыргызстандын Конституциясы менен корголот – бул укуктар сакталышы керек", – деп айтылат АКШ элчилигинин билдирүүсүндө.

Улуу Британиянын элчилиги Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги корголушу керектигин белгилейт.

"Журналистика айрым учурда ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн, бирок ММК эркиндиги корголушу керек. Журналисттер репрессиядан коркпой өз милдеттерин аткаруусуна мүмкүнчүлүк түзүлүшү зарыл", - деп айтылат дипломатиялык өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД