Европа биримдиги Темировдун өлкөдөн чыгарылышына тынчсыздануусун билдирди

Европа биримдиги иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча тынчсыздануусун билдирди.

"Бишкек шаардык сотунун белгилүү журналист Болот Темировду чыгаруу чечимине жана анын катаал жана тез камакка алынышына терең тынчсызданып жатабыз. Бул аракеттер Кыргызстандын көз карандысыз маалымат каражаттарына, сөз эркиндигине жана иликтөөчү-журналисттердин жеке коопсуздугунун кепилдиктерине карата алган эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келет. Биз Кыргызстандын бийлигин бул фундаменталдык эл аралык принциптерди толук сактоого чакырабыз",-деп жазылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД