Эртең Бшкектин айрым райондорунда таза суу убактылуу токтотулат

Эртең, 25-ноябрда Бишкектин айрым райондорунда суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең саат 9:00дөн 18:00гө чейин борбор калаанын Панфилов – Түгөлбай Ата – Бөкөнбаев – Логвиненко көчөлөрү менен чектелген аймагында суу өчүрүлөт.

Суу берүү диаметри 400 мм болгон түтүктү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Төмөнкү турак жай имараттарында суу өчүрүлөт:

- Логвиненко көчөсү № 8, 8/1, 8/2, 8/3, 10, 12, 14, 14б, 3, 3а, 7, 13а, 13/1, 13;

- Бөкөнбаев көч. № 144а, 144, 142, 138, 138/2, 138/2А, 132, 130, 128;

- Панфилов көч. № 136, 134, 120;

- Чуйков көч. №133, № 113а.

- Логвиненко көч. №8, №10 даректеринде жайгашкан насостук станциялар.

Ошондой эле уюмдар:

- Логвиненко көч. №18 - Бишкек медициналык колледжи;

- Логвиненко көч. №8 - Республикалык СПИД борбору;

- Логвиненко көч. № 14б - "Yusa" рестораны;

- Логвиненко көч. № 13 - Ч.Айтматов атындагы кино үйү;

- Бөкөнбаев көч. № 144а -С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институту;

- Бөкөнбаев көч. №144 – "Евролаб" лабораториясы;

- Бөкөнбаев көч.№142 – "Тесто-Место" кафеси;

- Бөкөнбаев көч. № 138 - Кыргыз инженердик изилдөөлөр башкы институту;

- Бөкөнбаев көч. №132 - "Фурусато" кафе ;

- Бөкөнбаев көч. №130 - "Turkish airlines" авиакомпаниясы;

- Бөкөнбаев көч. №128 – "Медипарк" диагностикалык борбору.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД