Чүйдө баңги затты ич кийимине катып абакка киргизмекчи болгон аял кармалды

Жашырган жери ишенимсиз болуп чыкты! Түзөтүү мекеменин тургунуна бере турган коркунучтуу синтетикалык баңги затын таанышы ич кийимине катып кирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Беловодское айылында жайгашкан №16 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери Москва районунун ИИБнын жана Чүй облусу боюнча УСБНОНнун кызматкерлери менен биргеликте соттолгон Д.А.О.га анын досу тарабынан тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз киргизүү аракетине бөгөт коюшкан.

Сырттан кароо жүргүзүлгөндө С.Ю.Ю. аттуу аялдын ич кийимине кылдаттык менен катылган шектүү зат табылып, алынган. Контролдук таразага тартуу учурунда кармалган заттын жалпы салмагы 2. 64 мл граммды түзгөн.

Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча бул зат баңги заты деп табылды. Ал A-PVP же Альфа-ПВП синтетикалык психостимулятордун жаңы түрү.

Белгилей кетчү нерсе бул зат (көбүнчө майда кристаллдар же туздар түрүндө) башка синтетикалык катиноналарга окшош, бирок анын таасири алда канча күчтүү демек керектөөчү үчүн дагы өтө кооптуу.

Мындан тышкары, жогоруда аталган кылмыштын дагы бир шериги кармалды.

Бул факты бузуулардын бирдиктүү реестрине катталып, чогултулган материалдардын негизинде иликтөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД