Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленет

Кыргызстанда Ормон Ниязбек уулунун (Ормон хан) 230 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Кыргыз элинин тарыхында бараандуу орду бар Сарыбагыш уруусунун чоң манабы, Ормон Ниязбек уулу 1792-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө туулган.

Тарыхый маалыматтарга караганда, Ормон хан 18 жашынан баштап эле согуштук жүрүштөргө активдүү катышып, өмүрү өтө татаал тарыхый кырдаалга - кыргыз урууларынын өз ара чыр-чатактары ырбаган, курчуган учурга туш келген. Отуз жашынан эл башкарууга аралаша баштаган.

Анын атак-даңкы артып, кыргыз урууларынын, атүгүл казактардын арасында дагы таасири күчөгөн. Анжиян, Алай, Ферганадагы аркалык кыргыз урууларынын башчылары Ормон хан менен алака катышта болуп турушкан.

Ниязбек уулу кыргыз урууларын бириктирүүгө көп күч жумшаган. Көздөгөн максатына жетиш үчүн 1830-1831-жылдары солто, сарбагыш, бугу, саяк, черик жана башка уруулардын өкүлдөрүн, Кокон ханынын элчилерин "Жер ортосу" аталган Орто-Токойго атайын жыйынга чакырып хан көтөрүлгөн. 1842, 1843, 1851-жылдары Ысык-Көлдөгү, Курткадагы, Чүйдөгү Кокон чептерин талкалатып, Кокон бийлигине оор сокку урган.

1847-жылы Кененсары баштаган казактын кошууну кыргыздарды басып алуу үчүн жортуулга чыккан. Салгылашка бек турган Ормон хан армиясы менен казак ханы Кененсарыны жеңип бийлигин бекемдеген жана Кокон ханынын аталыгы Мусулманкулдун колун артка кайтарып, Чүй жергесин душмандардан коргогон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД