Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу кийинки жылы башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси кийинки жылдын апрелинде бүткөрүлүүгө тийиш. "Ал эми курулушу күзүндө башталышы мүмкүн", - деп кошумчалады Жапаров.
Ал белгилегендей, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштоо да пландалууда.
"Өзбекстан менен Казакстан долбоорго катышууга ниеттенүүдө. Азырынча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Балким, 2023-жылы баштайбыз", - деди Жапаров.