Кадамжайдын тургуну мылтыгын өз ыктыяры менен милиция тапшырды

Кадамжайда милиция кызматкерлерине бир жаран ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун аймагында өткөрүлүп жаткан "Арсенал" иш-чарасынын жүрүшүндө Кадамжай РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын каттоосунда турган ок атуучу куралга уруксаты бар атуулдардын ок атуучу куралдарынын жарактуулук сапаты, сакталышы жана сактоо абалы, тиешелүү документтери текшерилди. Текшерүү учурунда Кадамжай районунун Халмион айылынын тургуну М.К. өз ыктыяры менен "ИЖ-17" үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу куралын Кадамжай РИИБине тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Укук бузуулар жөнүндөгү кодексине ылайык 21 протокол толтурулуп, 2 аңчылык дүкөн текшерилип, кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД