Кызмат өтөөдө көз жумган кызматкерлердин балдарына жөлөк пул берилүүдө

ЖАКнын ардагерлер кеңеши кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин балдарына кезектеги стипендияларды тапшырды. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Ардагерлер кеңешинин көмөгү менен кызмат учурунда каза болгон кызматкерлеринин балдарына ай сайын 1000 сомдон берилип келген кезектеги жөлөк пул берилди.

Ошондой эле, жакынын жоготкон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө демөөрчүлөрдөн, тактап айтканда, "Инсан" кайрымдуулук фондунан азык-түлүк пакеттери берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД