Кийинки жылы 23 оорукананын курулушу пландалып жатат

Кыргызстанда 2023-жылы 23 заманбап оорукананын курулушу пландалып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошондой эле жыл аягына чейин 97 тез жардам унаасын сатып алынып, анын 33ү Баткен облусуна жөнөтүлөрү пландалууда.

Маалым болгондой, Баткен облусунун Лейлек районунда Катар кайрымдуулук фондунун эсебинен 230 орундуу оорукана куруу пландалууда.

Мындан тышкары, Баткен шаарында жана Лейлек районунда "Кызыл жарым ай" коомунун жардамы менен заманбап өлүккана курулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД