Кадамжайда мал уурулуктардын алдын алуу үчүн милиция эл менен жолугушууда

Кадамжайда мал уурулуктарды алдын алуу максатында жарандар менен жолугушуулар уюштурулууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБдин Марказ айылдык милиция бөлүмчөсүнүн аймактык тескөөчүлөрү жана балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Марказ айыл аймагында жашаган тургундар менен жолугушууларды уюштурушууда. Милиция кызматкерлери борбордук соода базарларда жарандар менен жолугушуп, ар кандай уурулуктарды алдын алуу, мал жандыктарын үлүш жерлеринде жана талааларга кароосуз калтырбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, эскертүү акт 71 жаранга берилди.

Ошондой эле, Марказ айыл аймагында жыл башынан бери 3 мал уурулук фактылар катталып, жоголгон мал табылып, өз элерине кайтарып берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД